11 Haziran 2021 23:53
Палван Махмуд 1247-жылы байыркы Хива шаарында дүйнөгө келип, 1326-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Ал Хорасан менен Индустанда желкеси жерге тийбеген балбан, ошол эле учурда сопу акын болгон. Күрөштө бир да жолу желкеси жерге тийип, жеңилбегендиктен «Палван/балбан» «Пир-Балбандардын пири», «Палван/балбан ата» деген аткан конгон.
Балбан акын байлыкка, мансап-дөөлөткө колдун кириндей мамиле кылган. Эрегиштерде жеңип алган байлыктарын кедей-кембагалдарга, жетим-жесирлерге таркатып турган.
Хивада айтылуу балбандын урматына күмбөз салынган (1810-1913). Көк жумуру кумпалуу кооз күмбөздүн оймо-чиймелүү дубалына балбан акындын рубаилери фарс тилинде араб жазмасы менен чегип коюлган.
Anahtar Kelimeler: Махмуд палвандын (балбандын) күмбөзү, Хива,