xxiv-10

Бээжинде өтө турган XXIV Кышкы Олимпиадага 10 күн калды

2022-жылдын 4-22-февралында Кытайдын Бээжин шаарында өтө турган кышкы олимпиада оюндарына болжол менен 3000 спортчу катышаары күтүлүүдө. Оюндарга Түркиялык 7 спортчу жолдомо алган.

25 Ocak 2022 17:31

2022-жылы Кытайдын борбор шаары Бээжинде өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына 10 күн калды.

2022-жылдын 4-22-февралында Кытайдын Бээжин шаарында өтө турган кышкы олимпиада оюндарына дүйнө жүзү боюнча болжол менен 3000 спортчу катышаары күтүлүүдө. 

Оюндарга Түркиялык 7 спортчу жолдомо алган. Лыжа тебүү боюнча 6, муз үстүндө бий боюнча 1 спортчу күч сынашат. Алар, тоо лыжасында Өзлем Чакыроглу, Беркин Уста, лыжадан секирүү боюнча Фатих Арда Ипчиоглу, лыжа тебүү боюнча Өзлем Черен Думан, Айшенур Думан, Юсуф Эмре Фырат, ал эми муз үстүндө бийлюю боюнча Фуркан Акар.

Коронавирус кооптонуу жаратууда

Кытайда коронавирустун оимкрон жана дельта варианттары катталып, бул тынчсыздануу жаратууда.

Кытай коронавирус пандемиясына байланыштуу Бээжиндеги 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндары үчүн кеңири коомчулукка билет сатуусун токтотту.  Ошентип вирустун алдын алуу боюнча катаал чараларды аткарууга милдеттеме алган көрүүчүлөрдүн тандалма тобу гана оюнга чакырылат. 

Спортчулар жана оюндун башка катышуучулары спорт объектилеринде, жашаган жерлеринде жана транспорттордо медициналык тартип чараларын катуу сакташы керек.

Олимпиада отун колдон колго өткөрүү жөрөлгөсү 

Пандемияга байланыштуу Олимпиада отун колдон колго өткөрүү жөрөлгөсү өтө аз сандагы аймакта өткөрүлөт. Олимпида оту  2, 3 жана 4-февраль күндөрү Пекин шаарынын борборундагы 11 аймакты, Янчин районун жана коңшу Хибей провинциясынын Канцчакоу шаарын аралап өтөт. 

Anahtar Kelimeler: Кытай, кышкы олимпиада оюндары,

Жаңылыктар