Белгилүү философ Аль-фараби туулуп өскөн Отрар шаары

Казакстандагы байыркы Отрар шаары негизги туризм борборлорунун бирине айланууда.

31 Mart 2021 11:56

Белгилүү философ, математик, музыканын теоретиги, ойчул Аль-фараби туулуп өскөн Отрар шаары – Сырдарыянын ортонку агымындагы б. з. ч. 1-кылым – б. з. 16-кылымдагы шаар. Орхон-Енисей жазмаларында шаардын аты Кеңү-Тарбан деп берилет.

Байыркы шаар сепил, шехристан жана рабат деп аталган 3 ири райондон турган.

Чыңгыз хан 1218-жылы Отрарды талкалап, Орто Азиянын башка аймактарын басып алган.

Отрар шаары 1998-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизилген.

Тарыхый шаарда археологиялык казуулар улантылууда

Археолог Серик Акылбектин айтымында Отрар шаарындагы археологиялык изилдөөлөр 19-кылымдын аягында башталган. 1969-жылдан бери геологиялык чалгындоо жана казуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Көп жылдардан бери жүргүзүлүп келе жаткан казуулардын натыйжасында шаардын баштапкы калыбы чыгарылган. Ошондой эле мечит, медресе, мончо жана коомдук имараттардын калдыктары табылган.

Таң калтырган табылгалар

Казуу иштеринин натыйжасында канализация системасы табылган. Демек Отрар 10-кылымда эле өнүккөн шаар болгон.

Казууларда алтындан жасалган атырдын кутучалары, шахмат фигуралары жана көптөгөн алтын монеталар табылган. Ал эми өнөр адамдары колдонгон бет кап өтө таң калаарлык. Адистер табылган бет каптардан улам ошол мезгилде Отрар шаарында ар кандай концерттер, театралдык оюндар болуп турган деп божомолдошот.

ТИКАнын колдоосу

Отрар шаары Түркстан шаарынан 57 чакырым алыс ​​жайгашкан. Шаардагы ички сепилдин кире бериши ТИКАнын колдоосу менен калыбына келтирилген.

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Отрар, байыркы шаар,

Жаңылыктар