Бешбармак-улуттук сый тамактын эң аземиси

Бешбармак - майда тууралган эттен жасалган кыргыздын эң сый тамагы.

29 Nisan 2021 13:58

Бешбармак даамын даярдоо оңой болгону менен көп убакыт алат. Анткени этти жумшак кылып тартуу зарыл.

Бышкан эт тууралып, эттин шорпосуна бышырылган кесме жана майлуу чык аралаштырылып бешбармак жасалат.

Бешбармак бардык малдын (жылкы, уй, кой, топоз, эчки) ошондой эле кийиктин (аркар, кулжа, бугу, элик) жаңы союлган же сүрсүтүлгөн этинен жасалат. Ал майда тууралган этке кесме, пияз, шорпо, ар кандай татымдар кошулуп даярдалат. 

Бешбармактын алдында устукан тартылат.

Эт тууроо – атадан балага келаткан өнөр. Муну көбүнчө жигиттер аткарат. Этти майда тууроо карыяларды сыйлоо.

Бешбармак ылайыгына жараша шорпо, ак серке менен берилет.

Кыргыз эли өзүнүн меймандостугу менен айырмаланат. Келген меймандарды кучагын жайып тосуп алып, төрүнө отургузуп, мал союп, дасторконун кенен жайып сыйлайт. Дасторкондун үстүнө түркүн даамдар коюлуп, ысык тамактар жасалат. Эң аягында бешбармак берилет.

Эт тартылаар алдында колго суу куюлуп, бешбармак кол менен желет.

Anahtar Kelimeler: Бешбармак, улуттук сый тамак,

Жаңылыктар