Бет ачар– үйлөнүү тоюндагы салттуу көрүнүштөрүнүн бири

Бет ачар–– тазалыктын, аруулуктун, асылдыктын символу

31 Aralık 2021 20:15

Бет ачар – үйлөнүү тоюндагы салттуу көрүнүштөрүнүн бири. Кыз узатуу жөрөлгөсүнүн бир бөлүгү. Адатта кыз узатуу кыздын айылында эртең менен күн чыккан маалда башталат. Жеңелери кыздын чачын экиге бөлүп өрөт. Даярдалган сөйкө, желбирөөч, бой тумар, шакек, билерик, чач кап, учтук кооздуктарын тагат, шөкүлөсүн кийгизет. Андан соң кыз конокторго ийилип салам берет.

Жаңы келиндин жүзүн ар ким эле өз алдынча көрө бербейт, келинди көрөбүз дегендерден «көрүндүк» суралат.

Шөкүлөнү ачаардан мурда тууган уруктары кыздын жакшы сапаттарын кошокко кошуп ырдайт. Ырдын өз алдынча ички түзүлүш композициясы болот.  Күйөөнүн ата-энеси, тууган-туушкандары, кыз тараптагылар, айыл арасындагы кадырман аксакалдар, байбичелер, аягында кыздын өзү тааныштырылат. Кыргыз, казак элдеринде көрүндүк берүү маселееи адатка айланып, ар ким өз каалаганын ыроолойт.

Акырында тойго чакырылган кадырлуу элдик акын домбырасынын сабы менен кыздын бетин ачат.

Келиндин кайненеси чачыла чачып, жараткандан берилген ырыскысы, сүйүнүчү менен бөлүшөт жана баардыгын бул кубанычтын, бакыттын агымына чакырат.

Anahtar Kelimeler: Бет ачар,

Жаңылыктар