Бишкек шаарында «Карабак жеңиши» аталыштагы көргөзмө ачылды

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында «Карабак жеңиши» аталыштагы фото көргөзмөсү ачылды.

28 Haziran 2021 22:17

 «Карабак жеңиши» аталыштагы фото көргөзмөсү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде ачылды. Көргөзмөнү Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчилиги уюштурган.

Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Хидаят Оружев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору проф. др. Алпарслан Жейлан, окуу жайдын мугалимдери жана ардактуу коноктор катышты.

Көргөзмөнүн ачылыш аземи Карабак согушунда курман болгон аскерлерди эскерүү менен башталды. Андан соң  Кыргызстан, Түркия жана Азербайжандын мамлекеттик гимндери аткарылды.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган Тоолуу Карабактагы согушта жеңишке жетишип, басып алуудагы жерлерди кайтарып алган Азербайжанды куттуктады. Ата-мекенди коргоо ыйык милдет экендигин баса белгиледи.

Ал эми Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Хидаят Оружев Карабак согушунда колдоо көрсөткөн Түркияга ыраазычылык билдирди.

«44 күнгө созулган согушта Түркия мамлекети жана эли Азербайжан мамлекетине жана элине моралдык, саясий, дипломатиялык жана бир туугандык колдоо көрсөттү»,-деди ал.

Өз кезегинде Кыргызстандын бийлиги да Азербайжанга колдоо көрсөткөнүн айтты. Ошондой эле Кыргызстандын маалымат каражаттары окуяны объективдүү чагылдырганын белгиледи.

 

Anahtar Kelimeler: «Карабак жеңиши», фото көргөзмөсү, Бишкек,

Жаңылыктар