Бишкек шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук илимдер академияларынын жетекчилеринин жыйыны болуп өттү

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук илимдер академияларынын жетекчилеринин 6-жыйыны болуп өттү.

04 Haziran 2022 16:27

Жыйын Эл аралык түрк академиясынын демилгеси менен уюштурулган. Ага эл аралык түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын директору Мурат Жуматаев, Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын директору Мурат Журинов, Азербайжандын Улуттук илимдер академиясынын директорунун төрага орун басары Иса Хабиббейли, Өзбекстандын Улуттук илимдер академиясынын директорунун төрага орун басары Бахром Абдухалимов жана Татарстандын Илимдер академиясынын директору Мякзум Салахов катышты.

Жыйында улуттук илимдер академияларынын ишмердүүлүгү ар тараптуу талкууланып, кызматташуунунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө баа берилди.

Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын жетекчиси Мурат Жуматаев түрк дүйнөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Эл аралык түрк академиясынын алтын медалы менен сыйланды.

 

Жаңылыктар