144

Бишкек шаарынын 144 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өттү

Бишкек баатырдын эстелигинин алдында борбор калаанын 144 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өттү.

29 Nisan 2022 18:20

Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин тарыхы бай экенине токтолду.

“Бишкек өлкөнүн негизги саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору болуп эсептелет. Ал ылдамдыкта өсүп-өнүгүүдө. Келечекте биргелешкен аракет менен шаарыбызды мындан да жакшыртабыз деп ишенем”, - деди ал

Абдыкадыров ошондой эле шаар мэриясынын алдында бир катар милдеттер турарын кошумчалады.

БишкекКыргызстандын жүзү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29- апрелде, борбордун тургундары менен меймандарын Бишкек шаарынын Күнү менен куттуктады.

"Бишкек шаары жалпы Кыргызстандын негизги өзөгү жана маданий борбору болуп саналат. Ошондуктан аны өнүктүрүү үчүн жылдан жылга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.

Кезинде „жашыл шаар“ деген ат менен атагы алыска кеткен баш калаабызды ошол даңкына жеткирүү максатында өзүңүздөргө белгилүү „Жашыл мурас“ долбоорунун алкагында 40 000ге жакын бак-дарак жана бадал өсүмдүктөрү отургузулду. Мындай иш-чаралар мындан ары да ырааттуу улантыла бермекчи",-деди ал.

Бишкек шаары

Кыргызстандын борбору Бишкек архитектурасы, бакчалары жана сейилбактары менен суктандырган заманбап шаарлардын катарын толуктайт. Болжол менен бир миллион калк жашаган шаардын аймагында адамдар эң байыркы заманда эле отурукташкан.

Калаа конокторунун жана туристтеринин эс алуучу, сейилдөөчү эң башкы жана сүйүктүү жайы – бул Бишкектин борбору болуп саналат. Бул жерде музейлердин, галереялардын, дүкөндөрдүн, сейилбактардын, гүл бакчалардын, аянттардын, ресторандардын жана кафелердин көпчүлүгү орун алган.

Шаар жашыл аянттарга, сейилбактарга жана парктарга бай. Панфилов паркы, Эркиндик бульвары, Жаш Гвардия бульвары, Ататүрк паркы жана Ботаникалык бакча алардын айрымдары гана.

 

 

 

 

 

 

Жаңылыктар