Бишкекте абанын булгануусун жөнгө салуу аракеттери улантылууда

Кыргызстандын борбору Бишкек шары абасы кир  шаарлардын рейтинги боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 10 шаардын катарына кирет. Учурда бул  көйгөйдү чечүү жолдору караштырылууда.

14 Şubat 2022 16:08

Булганган аба Бишкек үчүн чоң экологиялык көйгөй. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт.

Атмосфералык абанын булганышынын негизги себептери катары газ, шаар тегерегиндеги конуштарда колдонулган сапатсыз күйүүчү майлар жана таштанды таштоочу жайдан чыккан ыш көрсөтүлүп келет.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган уюмдун индексинде Бишкек алдыңкы 10 шаардын катарын толуктайт.

Экологдор Бишкектин атмосферасы ири өнөр-жай заводдорго ээлик шаарлардын абасынан да кир экенин эскертип, абал кооптуу экенин айтып келишет.

Өкмөт анын булганышын азайтуу үчүн ведомстволор аралык чукул комиссия түзүп, маселени чечүүнүн жолун издөөдө.

«Абанын булгануусун илимий ыкма менен өлчөө зарыл»

Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Канатбек Садыковдун айтымында абанын булганышын азайтуу боюнча өкмөт тарабынан түзүлгөн убактылуу ведомстволор аралык комиссия туруктуу комиссияга айланды. Комиссия Бишкектин Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы жана Чүй облусундагы абанын сапатына байланыштуу комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгууда.  Ошондой эле энергия үнөмдүүлүгүн арттыруу жаатында иш алып барылууда. Бишкекте жаратылыш газы менен жүрүүчү унаалардын санын көбөйтүү жана эски унааларга көзөмөлдү күчөтүү максат кылынууда.

Ал баса белгилегендей абанын булгануусун илимий ыкма менен акыркы технологияны колдонуп өлчөө зарыл. Анткени кээде калибрлөө катасы чыгып калышы мүмкүн.

Жаш экологдор абанын сапатына көз салуу үчүн “мобилдик тиркеме” иштеп чыккан

Эколог, ишкер, жаштардын MoveGreen экологиялык кыймылынын лидери Мария Колесникованын жетекчилиги астында MoveGreen Aba.kg мобилдик тиркемеси ишке киргизген.

Бул тиркеме борбордун абасынын сапаты боюнча изилдөө жүргүзүп, алынган маалыматтарды коомчулуктун арасында жайылтууну максат кылайт. Муну менен жарандар шаардагы абанын булгануу коркунучу жөнүндө кабардар болуп, жергиликтүү бийликтин деңгээлинде бул кырдаалды өзгөртүү үчүн чараларды көрүүгө даяр болушат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасы – UNEP 2021-жылдын “Жер чемпиондору”  сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн жарыялады. Бул – БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эң жогорку сыйлыгы. Кыргызстандык Мария Колесникова “Ишкердин көз карашы” категориясында бул сыйлыктын лауреаты болду.

Шаардагы таштаны полигону

Шаардын бардык булуң-бурчунан ташылып келген таштандылар, 45 гектар аянтты ээлеген полигонго чогултулат. Тилекке каршы шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен. Адистер, талаада чирип, тынымсыз күйүп жаткан таштандылар борбор калаанын абасын булгап жатканын айтып келишет.

Екатерина Деркачева полигондогу абал боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Мен бул жерде абдан жаман көрүнүшкө күбө болдум. Бул жерде аба абдан начар, дем алуу кыйын. Биз полигондон анча алыс эмес жерде жашайбыз. Бул жердеги кырдаал экологияга, элге терс таасирин тийгизүүдө. Буга каршы күрөшүү керек. Кайра иштетүүчү ишкана түзүү зарыл».

Бишкек шаардык таштанды полигонунун директорунун орун басары Адил Назаров өткөн жылы кызматка киришкенден бери таштанды таштоочу жайды жакшыртуу боюнча күрөшүп жатканын, жыл аягына чейин учурдагы таштанды таштоочу жайды реабилитациялоо,  кайра иштетүүчү борбор ачуу жана жаңы полигон түзүү пландалып жатканын билдирди.

Мамлекеттик оорукананын өпкө оорулары бөлүмүнүп адиси Айзат Мирзахматова абанын булганышы өзгөчө балдардын өпкөсүнө терс таасирин тийгизип, чоңдордо өнөкөт оорулардын пайда болушуна себеп болуп жатканын маалымдады.

 

 

Anahtar Kelimeler: Бишкек, Булганган аба,

Жаңылыктар