Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

26-27-майда Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт.

25 Mayıs 2022 20:47

Евразия экономикалык форуму Бишкекте 26-27-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынын алдында өтөт.

Форумдун алкагында ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын катышуусунда пленардык жыйын, ошондой эле 6 панелдик сессия жана ЕАЭБдин агроөнөр жай товарларынын көргөзмөсү пландалууда.

Форумдун башкы темасы – “Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү. Өзгөрүүлөр жана глобалдык толкундоо доорунда евразиялык интеграция экономикалык өсүш жана өнүгүү үчүн ийгиликтүү пайдубал түзөт.

Жаңылыктар