Бишкекте казак элинин улуу акыны Абай Кунанбай уулунун айкели ачылды

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында казак элинин улуу акыны Абай Кунанбай уулунун айкели ачылды

26 Mayıs 2022 21:05

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Бишкек шаарында казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын жана кара сөздүн чебери Абай Кунанбай уулунун айкелин биргеликте ачышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө "Бүгүн кыргыз-казак эли үчүн өтө маанилүү күн. Биз бул күнгө өзгөчө толкундануу, ата-бабалардан бери келаткан бир туугандык жылуу сезим менен даярдык көрдүк. Улуу ойчулдун эстелигинин ачылышы эки өлкө, эки бир тууган эл үчүн маанилүү болгон, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгон жылда болуп жатканы — ары символикалуу көрүнүш.

Абай Кунанбай уулунун өмүрү жана чыгармачылык жолу, кылымдардан бери ооздон түшпөй келаткан накыл кептери тууралуу окумуштуулар, илимий кызматкерлер эле эмес, төкмөлөрүбүз менен жазуучуларыбыз дагы көп эскерип, таамай-таасын көптөгөн эмгектерди калтырышкан.

Эзелтеден бери жайласа жайлоосу, кыштаса кыштоосу бир болгон эки элдин — Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бир туугандык, достук байланыштар ажырагыс экенин карт тарых далилдеп турат, демек, мындан башкача болушу да мүмкүн эмес. Себеби мунун артында дүйнөдө жок, эки элге гана тийиштүү болгон дүйнө тааным, бай маданият, эч ким бөлө алгыс руханий алака-катыш жана чырмалышкан адам тагдырлары менен тарыхы бир элдер турат.

Кыргыз-казак ар дайым бири-бири үчүн тирек, бири-бири үчүн жөлөк болуп, тарыхтын бардык бурулуштарында бири-бирин колдоп келген, мындан ары да ошол боордоштук мамилени сактай билген ишенимдүү союздаштар бойдон кала беришерин бөркүмдөй көрөм",- деди.

Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Абай Кунанбай уулунун эстелигинин Бишкекте ачылышы кыргыз элинин казак элине болгон өзгөчө урматынын белгиси экенин белгиледи.

Казакстандын президенти акындын «Кыргыз менен казактын бир тукумдан экенин эч ким талашпайт» деп айтканын мисал келтирди.

Ал белгилегендей, жакынкы арада тилектештиктин белгиси катары Казакстанда Манастын эстелиги орнотулат.

Касым-Жомарт Токаев эки элдин ортосундагы бир туугандык жана достук эч качан бузулбасына ишенерин билдирди.

 

 

Жаңылыктар