Бишкекте кинотеатрлар ишин жандантты

Бишкек мэриясы март айынан бери жабык турган кинотеатрлардын ишине уруксат берди.

01 Aralık 2020 22:17

Бишкекте кинотеатрлар ишин жандантты. Мэрия санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо боюнча жоопкерчиликти мекемелердин жетекчилигинин мойнуна жүктөгөн.

Бүгүндөн тарта ишин жанданткан кинотеатрлардын кире бериштерине фильтрлер коюлуп, адамдар бири-биринен шахмат сыяктуу алыс отургузулду. Көрүүчүлөрдүн дене табы текшерилип, залга беткап тагып киришти. Ошондой эле ар бир кадам сайын социалдык аралыкты жана тазалыкты сактоо эрежелери жазылган плакаттар коюлган.

Ала-Тоо кинотеатрынын башкы инженери Эрнисбек Текебаев, март айынан бери жабык турган кинотеатрлардын ачылышына кубанып турганын билдирди. Өкмөт тарабынан коюлган эрежелер так сакталаарын убадалады.  

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус өлкө боюнча дагы 4 кишинин өмүрүн алды.   Бир күндө илдет 371 кишиден жаңы аныкталды. Бир күндө 562 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 73 178 адамды түздү. Анын 64711 киши сакайганы айтылды.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча 1275 кишиге жетти. Учурда 6401 киши дарыланып жатат.

Жаңылыктар