Бишкекте ӨКМ жана УКМКнын чек ара кызматына атайын техникалар тапшырылды

Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына атайын техникаларды тапшыруу аземи болду.

25 Mart 2022 14:47

Мамлекет башчысы өрт өчүргүч заманбап атайын техника жана шаймандар менен жабдылган өрт өчүрүүчү унааларды көрүп чыкты.

Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында 58 даана өрт өчүрүүчү унаалар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилди. Өрт өчүрүүчү унаалардын паркын мындай масштабдуу жаңылоо 2008-жылдан бери болгон эмес.

Андан соң президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн алынган КАМАЗ жана заманбап «Тигр» зооттолгон унааларынын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты. 50 жаңы КАМАЗ жана 55 «Тигр» зооттолгон унаалар толугу менен республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен сатылып алынган. Өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарындагы мындай масштабда жаңы аскердик техниканы сатып алуу биринчи жолу болду.

Президент Садыр Жапаровдун аземдин катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө "Бүгүнкү күндө мамлекеттик чек араны коргоонун ишенимдүүлүгүн арттыруу, чек ара аймагында жашаган мекендештерибиздин бейпил турмушун камсыз кылуу, салттуу коңшулук жана достук мамилелерди бекем сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрүү ар дайымкы ишибиз болуп саналат",-деп белгиледи.

Өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылган долбоордун негизинде 5 млн доллардан ашык акча каражатына 58 даана өрт өчүрүүчү автоунааларын сатып алынганын маалымдады.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан,

Жаңылыктар