Бишкекте Кыргызстан-Азербайжан бизнес форуму өттү

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги уюштурган бизнес форумга Азербайжандын Экономика министринин орун басары Ниязи Сафаров жетектеген топ катышты.

28 Ocak 2022 17:42

Бишкек шаарында Кыргызстан-Азербайжан бизнес форуму өттү. Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министри Нурадил Баясов жана  Азербайжандын Экономика министринин орун басары Ниязи Сафаров жетектеген топ катышты.

Нурадил Баясов форумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан Азербайжан менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди. Өз кезегинде эки өлкө ортосундагы орток тарых, маданият, каада-салт, тил жана динге басым жасады. 

Азербайжандын Экономика министринин орун басары Ниязи Сафаров да эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө басым жасады. Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы саясий мамиле жогорку деңгээлде экендигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы элчиси Кайрат Османалиев жана Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Латиф Гандилов ишкерлерди өз ара инвестицияны өнүктүрүүгө чакырышты.

Форумда Кыргызстан менен Азербайжандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү танытылды.

Форумдун иши Кыргызстандын туристтик потенциалын даңазалаган презентация менен аяктады.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Азербайжан,

Жаңылыктар