iv

Бишкекте "Мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов" аталышындагы IV Ысык- Көл форуму болуп өттү.

Иш- чара онлайн форматы менен коштолуп, ага Ч. Айтматовдун туугандары, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайлардын жетекчилери, Түркиядан келген коноктор катышты.

14 Aralık 2020 13:25

Бишкекте "Мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов" аталышындагы IV Ысык- Көл форуму болуп өттү.

Эске салсак, иш-чара онлайн форматы менен коштолуп, Айтматовдун жаркын элесине арналган иш чараны өткөрүүгө, Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлиги, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги жана Юнус Эмре Институту колдоо көрсөттү.

Форумдун жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев,  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчигинин өкүлү Нури Шимшеклер, Эл аралык Ысык-Көл форуму коомунун төрагасы Аскар Айтматов, экс вицe-премьер-министр Жумагул Сааданбеков, Айтматовдун туугандары, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайлардын жетекчилери, Түркиядан келген коноктор катышты.

Форумдун ачылышына Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министринин орун басары Надир Алпарслан, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, эл өкүлү, Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинин Тышкы иштер комитетинин мүчөсү Асуман Эрдоган, Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдигинин президенти жана Кония шаарнын мэри Угур Ибрахим Аталай, Хажы Байрам Вели атындагы университеттин ректору проф. др. Юсуф Текин, «Маариф» фондунун директору проф.др.Бирол Акгүн жана онлайн форматта катышып, баяндама жасашты.

Ысык-Көл форумунун тарыхы

Ысык-Көл форуму Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун демилгеси менен 1986-ж. октябрда уюшулган. Форумда жер шарынын азыркы абалы жана келечеги жөнүндө ой-толгоолор ортого салынган. Ысык-Көл форумунун президенттигине Ч. Айтматов шайланган.

Форумдун мүчөлөрү Англиядан театр жана кино актёру, режиссёр, драмачы, продюсер, сценарист, колумнист, радиотеле алып баруучу Питер Устинов, АКШдан окумуштуу футуролог, философ, социолог, индустриялдык коомдон кийинки жагдайлар боюнча концепциянын авторлорунун бири Олвин Тоффлер жана анын көптөгөн эмгектеринин шериктеши, зайыбы Хейди Тоффлер; жазуучу, драмачы, коомдук ишмер Артур Ашер Миллер, белгилүү сүрөтчү-фотограф Инга Миллер, романчы, публицист, драмачы, адам укуктарын коргоочу Джеймс Артур Болдуин жана анын бир тууганы актёр Дэвид Болдуин, Эфиопиядан айкелчи, живописчи, график, дизайнер, СССРдин көркөм сүрөт академиясынын академиги Афэулок Тэкле, Франциядан Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу-романчы Клод Симон, Италиядан Рим клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана ошол кездеги төрагасы, Александр Кинг, Кубадан журналист жана жазуучу, дипломат, Латын Америка адабиятындагы документалдуу көркөм жанрды баштоочулардын бири Лисандро Отеро, Италиядан физик Аугусто Форти, Түркиядан музыкант, аткаруучу, композитор, жазуучу, кинорежиссёр, саясий ишмер Зүлфү Ливанели,  прозаик Яшар Кемаль, Испаниядан окумуштуу, саясатчы, мамлекеттик ишмер, жазуучу, акын, кийин ЮНЕСКОнун башкы катчысы болгон Федерико Майор, Индиядан улуттук бий жана музыка теориясы боюнча теоретик В.К.Нараяна Менон болгон.

Ал эми 1997-жылы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында өткөн II Ысык-Көл форумуна дүйнөлүк лидерлер менен катар Түркия Республикасынын ошол кездеги президенти Сулейман Демирел катышкан.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2018-жылды Чыңгыз Айтматовду эскерүү жылы деп жарыялаган. 2018-жылы III Ысык-Көл форуму өткөн.   Ага 25 өлкөдөн 155 конок катышкан. ТҮРКСОЙ жана ЮНЕСКО эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү келишкен.

 

Жаңылыктар