Бишкекте «түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги» симпозиуму болуп өттү

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Кыргыз-түрк «Манас» университети жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы уюштурган   «түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги» симпозиуму болуп өттү.

18 Mart 2021 10:57

Иш-чара Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын негизделишинин 100 жылдыгы, түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы жана Түркиянын «мамлекеттик гимн жылынын» урматына уюштурулган. Симпозиумга Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева онлайн форматта; ТүркПАнын өкүлдөрү, окумуштуулар жана элчилер түздөн түз катышышты.

Түркия Республикасынын Президенттик аппаратынын Байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Фахреттин Алтун жана Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп симпозиумга видео кайрылуу жолдоду.

Иш-чаранын жүрүшүндө түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, эл аралык уюмдар ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү жана аталган күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Түрк тилдүү  элдердин биримдиги жана тилектештиги талкууланып, түрк дүйнөсүнө коркунуч туудурган көрүнүштөргө өзгөчө көңүл бурулду. Азербайжандын Карабактагы жеңиши кубатталды.

КТМУнун ректору Проф. д-р. Алпаслан Жейлан симпозиумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө быйыл Кыргыз-түрк «Манас» университети 25 жашка толоорун белгилеп,  окуу жайдын артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

Ал эми проректор Проф. д-р. Асылбек Кулмырзаев, «Манас» университетинде 700гө жакын адис эмгектенээрин, учурда аталган окуу жайда 6 миңге чукул студент билим алып жатканын айтты. «Манас» университетинин 9 миңден ашуун бүтүрүүчүсү түрк дүйнөсүнө кызмат өтөп жатканын сыймыктануу менен белгиледи.

ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүүгө багытталгандыгын билдирди.

ТҮРКПАнын Түрк делегациясынын мүчөсү, депутат Исмет Учма, түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана тилектештигине басым жасады.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинин 100 жылдыгын куттуктап, парламенттин төрагасы Шентопко Кыргызстан парламентинин спикери жана эл өкүлдөрүнүн атынан салам жолдоду.

Ал түрк элдери тарыхта бир катар кыйынчылыктарга дуушар болгонуна карабастан ушул күнгө чейин өз эне тилин, маданиятын, каада-салтын, мурасын жана руханий баалуулуктарын сактап келгендигин баса белгиледи. Бүгүнкү күндө түрк тилдүү элдер ортосундагы мамилелерди тереңдетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, эл көлдөрүнө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн баса белгиледи.

Парламенттин мурунку төрагасы жана Кыргызстан партиясынын депутаты Дастанбек Жумабеков  Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдогандын түрк дүйнөсүндөгү ордуна өзгөчө көңүл бурду. «Манас» университетинин бүтүрүүчүлөрү түрк дүйнөсүнүн жаркын келечегине кызмат кылаарына ишенимин билдирди.

Anahtar Kelimeler: «түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги» симпозиуму, Бишкек, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы, Кыргыз-түрк «Манас» университети,

Жаңылыктар