Бишкекте «түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги» симпозиуму өтүүдө

Президенттик аппараттын Байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Фахреттин Алтун симпозиумга видео кайрылуу жолдоду.

17 Mart 2021 16:20

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында кыргыз-түрк «Манас» университети жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы уюштурган   «түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги» симпозиуму өтүүдө.

Түркия Республикасынын Президенттик аппаратынын Байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Фахреттин Алтун симпозиумга видео кайрылуу жолдоду. Анда Ф. Алтун түрк эли тарыхта бир катар мамлекеттерди түптөп, көз карандысыздыкты туу туткан эл болгонун баса белгилеп, нечен доорду башынан өткөрүп, кылымдар бою наркын сактап келген түрк улутунун уулу болуу өзүнчө зор бакыт экендигин айтты.

2021-жылы тарыхтагы эң маанилүү учурлардын  100 жылдыгы белгиленип жаткандыгын белгиледи. Көз карандысыздыкка ээ болуу жана аны сактап калуу үчүн кашык каны калганча күрөшкөн уулдардын жаркын элеси эч качан унутулбаарын баса белгиледи.

Ал 2021-жылы түрк тилдүү мамлекеттер эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турган болсо, Түркия Республикасы 100 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүп жатканын кошумчалады.

«Көзкарандысыздык маселесин тарыхый маселе катары баалоо эркиндигибизге эң чоң коркунуч алып келет. Алсак Түркиянын Улуу Улуттук Парламенти 15-июлда (2016) төңкөрүш жасоого белсенгендердин ири бомбалоосуна дуушар болду. Бул кол салуу кокустук эмес»,- деп белгиледи.

Түрктөрдү Анадолу аймагынан сүрүп чыгаруу коркунучу али да болсо бар экенин айтып, тийиштүү чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи. «Андыктан түрк элдери бири-бирине колдоо көрсөтүп, жакшылыкта да жамандыкта да бир болушубуз абзел»,- деди.

 «Түркия адилеттүүлүктү колдоорун бүткүл дүйнөгө далилдеди»

Алтун баса белгилегендей Түркия жардам сурап кайрылган бир да  өлкөгө колдоо көрсөтүүдөн баш тарткан жок.

«Босниядан Сомалиге чейинки бир катар аймактарда тынчтык үчүн кызмат кылдык. Ливиянын мыйзамдуу өкмөтүн ушул эле себептерден улам колдоп келебиз. 2019-жылы Түркия менен Ливия ортосунда түзүлгөн келишимдин натыйжасында бир гана эки өлкөнүн эмес региондогу бардык өлкөлөрдүн укуктары коргоого алынды. Келишимдин негизинде төңкөрүшчү Хафтардын чет өлкөлөрдөн колдоо тапкан чабуулунун мизи кайтарылып, алардын адамзатка каршы ишке ашырган кылмыштары ачыкка чыкты. Ошентип, Түркия бүткүл дүйнөгө адилеттикти гана колдоорун көрсөттү»,-деди ал.

Өз кезегинде Түркия мамлекети Кавказиядагы жана Орто Азиядагы боордошторуна ар дайым колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Иш-чараны уюштуруп жаткан кыргыз-түрк «Манас» университетине ыраазычылык билдирип, түрк тилдүү элдер ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошкон бардык мекемелерге колдоо көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Anahtar Kelimeler: түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги, Кыргызстан, түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечег, түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги, Фахреттин Алтун,

Жаңылыктар