vi

Бишкекте VI түрк тасмаларынын жумалыгы башталды

Бишкекте VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды.

17 Haziran 2022 12:48

Бишкек шаарындагы Россия кинотеатрында Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги менен Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда “Йерли Дүшүнже/ Жергиликтүү ой пикир” коому тарабынан уюштурулуп жаткан VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды.

Иш-чаранын ачылышына КР маданият министри Азамат Жаманкулов, Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбах, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган,  Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору профессор доктор Алпаслан Жейлан, Ахыскалык түрктөр коомунун жетекчиси Атамша Дурсунов, Ширин Айтматова жана эки өлкөнүн кино ишмерлери катышты.

Анда Кыргызстан менен Түркиянын орток маданияты, кино жаатындагы алакалар тууралуу жылуу пикирлер айтылып, бир катар кино ишмерлерине эки өлкөнүн ортосундагы маданий көпүрөнү бекемдөө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Ачылыш маданий программа менен коштолуп, андан соң кино күйөрмандарына тасма тартууланды.

Тасмалар Россия кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт.

Жумалыктын алкагында кино көрсөтүүлөрдөн кийин искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу өткөрүлөт.

Саамалыктын алкагында Түркиядан келген режиссерлер, актерлер жана продюсерлер менен кыргызстандык кино актерлорунун ортосунда жолугушуулар менен катар орток эмгектерди жаратуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана баарлашуулар жүргүзүлөт.

Жаңылыктар