Бишкекте Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду ачылды

Бишкекте баштапкы капиталы 50 миллион АКШ долларын түзгөн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду салтанаттуу ачылды

14 Nisan 2022 16:48

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы өттү. Анын ачылышына Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын вице-премьер-министри – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков,  Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу кеңешинин төрагасы Азиз Алиев катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров өз сөзүндө бүгүнкү иш-чара достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүк духунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн айкын мисалы экенин белгиледи.

Эске салсак, фондду түзүү боюнча документке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун мындан бир жыл мурда Өзбекстанга жасаган расмий сапарынын алкагында кол коюлган.

Фонд Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатын көздөйт.

Фонд КРнын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу максатында эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен өз ара аракеттенет, ошондой эле фонд тарабынан колдоого алынган долбоорлорго техникалык жардам көрсөтөт.

Кошумча маалымат катары айта кетсек мындан 7 жыл мурда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда капиталы 500 млн дооларды түзгөн  өнүктүрүү фонду ачылган. Ал эми 5 ай мурун кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду ачылган. Анын уставдык капиталы 16 миллион долларды түзөт.

 

 

Anahtar Kelimeler: Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Бишкек,

Жаңылыктар