Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында гарнизондук саптык кароо өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон өзгөчө кырдаал режиминин  талабына ылайык Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында гарнизондук саптык кароо өттү.

10 Ekim 2020 21:58

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон өзгөчө кырдаал режиминин  талабына ылайык Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында гарнизондук саптык кароо өттү.

Ошол эле жерде Садыр Жапаровду жактаган ураандар менен бир топ адамдардын митинги өттү. Алар күч түзүмдөрүн элге ок атпоого чакырышты.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан Бишкек шаарына өзгөчө кырдаал тартиби киргизилгенин эске салды. Берилген антты аткарып, элге жана мекенге кызмат кыла турганын баса белгиледи.

Бишкектеги окуялар

Кыргызстанда 4-октябрда   парламенттик шайлоо өткөн. Оппозициялык партиялар шайлоонун баштапкы жыйынтыгын тааныбай нааразылык акциялары  чыккан. Ал массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. Митингчилер 5-октябрда президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп алышкан. 6-октябрда Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев жана мурунку депутат Садыр Жапаров абактан бошотулган.

Ошол эле күнү  "Достук" мейманканасында 60тан ашык депутат катышты делген жыйын өтүп, анда саясатчы Садыр Жапаров премьерликке сунушталган.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери ортосунда кагылышуу чыгып, Атамбаев аянтты таштап кеткен. Кагылышууда 5 киши жаракат алып, Атамбаевдин унаасына ок атылган.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Жаңылыктар