Бишкектеги түрк мектебинин окуучуларынын колунан жаралган сүрөттөр көргөзмөгө коюлду

Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигине караштуу Бишкек түрк мектебинин окуучулары тарткан сүрөттөр Улуттук китепканада көргөзмөгө коюлду.

27 Nisan 2022 13:36

Кыргызстандын Улуттук китепканасындагы Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданий борборунда сүрөт көргөзмө ачылды.

Көргөзмөгө Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигине караштуу Бишкек түрк мектебинин окуучулары тарткан сүрөттөр коюлган.

Маданий иш-чаранын ачылышына Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садик Догандын жубайы Мария Доган, элчиликтин билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы, китепкананын жетекчиси Нуржан Иманкулова, Кыргызстандагы түрк мектептеринин директорлору жана студенттер катышышты.

Мария Доган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, живопись-балдардын улуттук баалуулуктарын өнүктүрүүгө ири салым кошорун баса белгиледи.

Ал эми Харун Каржы, балдар-келечегибиздин кепилдиги экендигин баса белгиледи.

"Биз аларга келечегибизди ишеним менен тапшырабыз. Андыктан балдар илим, искуство тармактарында активдүү иш алып барышы керек",-деди ал.

 

 

Жаңылыктар