Борбор Азия боюнча жарык берүү калыбына келүүдө

Бүгүн түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда үзгүлтүккө учураган электр жарыгы калыбына келтирилүүдө.

25 Ocak 2022 14:22

Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчедеги аварияга байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат берди.

“Учурда Кыргызстанда жарым-жартылай электр энергиясы берилип, калган аймактарды электр энергиясы менен камсыздоо аракети жүрүп жатат. Азырынча авария эмнеден улам болгону тактала элек. Шакекчеге кирген кошуна өлкөлөр менен чогуу иштешип жатабыз. Биз пайдаланып жаткан бирдиктүү энергетика системасында мындай абал биринчи жолу жаралды”,-деди энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Маалым болгондой, бүгүн түштө Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

Эки сааттан кийин Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында, көп өтпөй башка облустарда электр жарыгы бериле баштаган.

Ал арада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, электр жарыгынын өчүшү боюнча комиссия түзүлүп, иликтөө жүргүзүлөөрүн маалымдады. 

Анын айтымында, жарыктын өчүшү кыргыз тараптын мүчүлүштүгүнөн болгон жок.

“Борбор Азиядагы бирдиктүү энергошакекче тарыхта биринчи жолу ушундай көйгөйгө туш болду. Бул жагдай боюнча комиссия түзүлүп, иликтенет. Анын жыйынтыгын биз жарыялайбыз”, - дейт Акылбек Жапаров.

 

Anahtar Kelimeler: электр жарыгы,

Жаңылыктар