Борбор Азия боюнча жарык өчтү

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанда электр жарыгы үзгүлтүккө учурады

25 Ocak 2022 12:48

Кыргызстандын бир топ аймактарында электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн билдирди.

Казакстан менен Өзбекстандын дагы бир катар аймактарында жарык жок экени маалымдалды.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги тараткан маалыматка караганда, эртең менен Казакстандын Алматы, Шымкент, Тараз, Түркстан облустарында жана ага жакын аймактарда электр жарыгы өчкөн. Ошондой эле Өзбекстан жана Кыргызстанда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. 

Билдирүүгө караганда электр энергиясындагы авария Казакстандын аймагында болгон.

Ал арада Өзбекстандын борбор калаасы Ташкенттеги метро каттамдары токтотулганы белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук энергохолдинг ишканасынан билдиришинче, Борбордук Азиянын бириктирилген Энергошакекчесиндеги авариядан кийин Кыргызстандын энерго тармагы этап-этабы менен калыбына келтириле башталды.

Кыргызстандын Ош жана Чүй облусунда электр жарыгы берилди. 

“Электр жарыгын этап-этабы менен калыбына келтирүү бир нече саатты талап кылышы мүмкүн”, - деп айтылат маалыматта.

Anahtar Kelimeler: электр жарыгы, Борбор Азия, жарык,

Жаңылыктар