Борбор Азия мамлекет башчыларынын үчүнчү консультативдик жолугушуусу өттү.

Түркмөнстандын Аваза аймагында бүгүн Борбор Азия мамлекет башчыларынын үчүнчү Консультативдик жолугушуусу өттү.

06 Ağustos 2021 16:35

Түркмөнбашы шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын үчүнчү Консультативдик жолугушуусу өттү. Ага үй ээси Түркмөнстан Республикасынын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстан Республикасынын президенти Касым Жомарт Токаев жана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахман катышты.

Жыйында соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чаралар талкууланды. Ошондой эле мамлекет башчылары коопсуздук маселесине өзгөчө басым жасашып, Ооганстандагы соңку кырдаалды ар тараптуу талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Борбор Азия- ар тараптуу өнөктөштүктү жана өз ара байланыштарды өнүктүрүүдө региондогу бардык мамлекеттердин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп бере турган эң маанилүү стратегиялык аймак», — деп белгиледи.

Анын айтымында, региондогу өлкөлөр баарынан мурда тыгыз интеграцияланышы керек, экономикалык жактан бир бүтүн болуп айкалышып иштөө зарыл, тактап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиялары бири-бирин толуктап, ар биринин мүмкүнчүлүктөрүн эске алып турушу керек.

Ошону менен бирге президент маданий -гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү да бир кыйла маанилүү экенин кошумчалады, ал байланыштар Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн жалпы маданий мейкиндигинин, тилдик иденттүүлүгүнүн жана жалпы тарыхынын мындан аркы өнүгүшүнө түрткү бере тургандыгын кошумчалады.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө Борбордук Азия аймагын дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айлантуу үчүн бардык өбөлгөлөр бар экенин белгиледи.

Ал ошону менен бирге, дүйнөлүк океандарга чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогон Борбор Азия чөлкөмүнүн обочолонуп турганы аталган аймактагы өлкөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерди күчөтүүнү жана биздин өлкөлөрдүн деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берүүчү жаңы транспорттук коридорлорду түзүүнү талап кыларын белгиледи. Бул стратегиялык маанидеги милдет болуп саналат.

 «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору Евразия темир жол түйүнүнүн Борбор Азия тилкесиндеги альтернативдүү жана маанилүү линияларынын бири болуп калат», — деп белгиледи.

Жыйын жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммитин уюштурууну Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев сунуштап, алгачкы жыйын 2018-жылы Казакстанда өткөн. 2019-жылы Ташкентте уюштурулган. 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

 

Anahtar Kelimeler: Борбор Азия, Консультативдик жолугушуу, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров,

Жаңылыктар