Борбор Азиядагы эң бийик имарат: Ташкент телемунарасы

Борбор Азиядагы эң бийик имарат деп эсептелеген Ташкент телемунарасы өзгөчө архитектурасы менен айырмаланып турат.

10 Nisan 2021 18:46

Ташкент телемунарасы – Ташкент шаарынын Юнусабад районунда жайгашкан. Телемунаранын курулушу 1978-жылы башталып, 6 жылда бүткөрүлгөн. 1985-жылдын 15-январында пайдаланууга берилген. Телемунаранын бийиктиги 375 метр.

Ташкент телемунарасы Борбор Азиядагы эң бийик имарат. Ал эми дүйнөдө 12-орунда турат.

Күн сайын телемунарага жүздөгөн адамдар келип турат. Өзгөчө фотографтар жактырган жайлардын бири. Телемунара Ташкент шаарынын чок ортосунда жайгашкандыктан фотографтар анын үстүнө чыгып, тарыхый шаардын кооз сүрөттөрүн тартып, рахат алышат.

Телемунаранын кире беришинде музей орун алган. Музейде дүйнөдөгү эң бийик телемунаралардын моделдерин көрүүгө жана алар жөнүндө маалымат алууга болот.

Телемунаранын кире беришинде эки чоң керамикалык доска жайгаштырылган. Анын биринде космонавт Юрий Гагариндин сүрөтү, экинчисинде белгилүү өзбек сүрөтчүлөрүлөрүнүн каламанынан жаралган эмгектер орун алган.

Ташкендин символуна айланган мунарада, өзүнөн өзү айланып туруучу "Каинат" рестораны бар. Жерден дээрлик 100 метр бийиктикте жайгашкан ресторан бир учурда 120 кишини тейлей алат.

Телемунаранын эң үстүңкү кабаты өзгөчө кооз. Ал жакта атайын терасса жайгашкан. Ташкенттиктер сүйүктүүсүнүн колун сураарда дал ушул жерди тандашат.

Мунаранын жалпы салмагы 6 миң тонна. Анын 220-метринде метеорологиялык станция бар.

Телемунаранын үстүнө Өзбекстандын желеги илинген. Аны альпинисттер 2 жылда бир алмаштырып турушат.

Anahtar Kelimeler: Ташкент телемунарасы, Борбор Азиядагы эң бийик имарат,

Жаңылыктар