Борбор Азиядагы ислам архитектурасынын уникалдуу эмгектери Түркстанда жайгашкан

Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Түркстан шаары Борбор Азиядагы диний борборлордун бири болуп, калаада түрк дүйнөсүнүн руханий лидери Ахмет Ясави жашап өткөн.

13 Mayıs 2021 23:34

31-март 2021-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммитинде «түрк дүйнөсүнүн руханий борбору» деп жарыяланган Түркстан шаары болжол менен 2000 жыл мурда түптөлгөн.

Түркстан провинциясы Улуу жибек жолунун боюнда жайгашкан. Тогуз жолдун тоомунда жайгашкандыктан кылымдар бою руханий, саясий жана экономикалык негизги борборлордун бири болгон.

Түркстанда Орто Азиядагы ислам архитектурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрүнүн бири болгон Ахмет Ясавинин күмбөзү, Арыстан Баба күмбөзү, байыркы Отрар шаары жайгашкан.

Ахмет Ясавинин күмбөзү

Түрк дүйнөсүнүн руханий лидери Кул Кожо Ахмет Ясавинин күмбөзү Түркстандын символу катары белгилүү. Күмбөз орто кылымдагы түрк архитектурасынын уникалдуу эстелиги болуп саналат. Болжол менен  1389-жылы Эмир Тимурдун буйругу менен салынган. Бир дагы мык колдонулбай, бышкан кирпич менен курулган. Эки кабаттуу. 35 бөлмөсү бар. Күмбөздүн кире беришине диаметри 2 метр 45 сантиметр, салмагы 2 тонна келген тайказан орнотулган. Тарыхчылардын айтымында жума намазга келгендерге тайказандан шыпаалуу суу таратылган.

Белгилүү болгондой Кул Кожо Ахмет 63 жашка келгенде Мухаммед пайгамбар жеткен жашка жеттим, пайгамбардан узак жашаганга эч бир акым жок деп санап, өзү негиздеген медресинин ичине жертөлө каздырып, анда он жылдан ашуун тынбай зикир чалып, Курандын сүрөөлөрүн миң кайталап окуп жүрүп өмүр өткөргөн. Ал  кеңири таанымал болгон эмгеги «Акыл сөздөр жыйнагы» (Дивани хикмет) деген чыгармасын жертөлөөдөгү мечитте жазган.

Ахмет Ясавинин күмбөзү 2002-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас тизмесине киргизилген.

Anahtar Kelimeler: Түркстан, түрк дүйнөсүнүн руханий борбору, Ахмет Ясави,

Жаңылыктар