Борбордук Азия жана Кытай аймактагы тынчтык жана туруктуулук үчүн кызматташууну кеңейтет

Нур-Султан шаарында «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы тышкы иштер министрлеринин 3- жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышты.

09 Haziran 2022 10:17

Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди төрагалык кылган жыйынга Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов, Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Владимир Норов, Тажикстандын транспорт министри Азим Ибрагим жана Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи катышты.

Жыйында Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды. Ошондой эле аймактагы тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоо маселеси талкууланды.

Тараптар регионалдык кызматташтыкты чыңдоодо «Борбордук Азия – Кытай» диалогунун манилүү ролун белгилешти.

Жыйын жыйынтыгында Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосунда коопсуздук, транспорт, логистика, энергетика, өнөр жай, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, жашыл экономика, маалымат индустриясы, саламаттыкты сактоо, билим берүү, туризм, маданият жана башка стратегиялык тармактарды камтыган жол картасы бекитилди.

 

Жаңылыктар