Босния жана Герцеговинада кышкы туризм

Түндүгүнөн, батышынан жана чыгышынан Хорватия, чыгышы менен түштүк-чыгышынан Сербия жана Черногория менен чектешкен Босния жана Герцеговина кышкы туризмдин мекени.

07 Ocak 2022 19:34

Босния жана Герцеговинада 1984-жылы Кышкы Олимпиада оюндары өтүп, буга байланыштуу бир катар спорттук комплекстер салынган. Учурда алардын бардыгы модернизацияланып, туристтерге сунушталууда. Өлкөдө жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн тоо лыжа  базалары орун алган. Баалар арзан болгондуктан коңшу өлкөлөрдөн келген меймандар өтө көп.

Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево шаарына Түркиянын Стамбул шаарынан, учак менен болгону 1 жарым саатта жетүүгө болот. Андыктан Сараево Түркиялык эс алуучуларды да күтөт.

1984-жылы Кышкы Олимпиада оюндары Сараеводо өткөн

Маалым болгондой 14-Кышкы Олимпиада оюндары Сараево шаарында өткөн. Бул үчүн Бжеласница, Игман жана Требевич тоолоруна спорттук комплекстер салынган. Учурда алардын баардыгы жаңылануудан өтүп, тегерек четине туристтерге ылайыкташтырылып мейманкалар салынган. Бул өзгөчөлүктөрү менен Сараево, Европанын көптөгөн жерлеринен келген туристтерге жагымдуу эс алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Согуштун издери

Сараеводо 1992-1995-жылдагы согуштун издери дароо байкалат. Шаардагы көптөгөн имараттарда октун издери дагы деле сакталып турат. Ошондой эле согуш учурунда шаарга азык-түлүк, медициналык каражатт жана кийим-кечелерди өткөрүп турган «Босния Үмүт туннелин» көрүүгө болот.

Иззетбеговичтин күмбөзү жана Ковачи көрүстөнү

Сараевого барган туристтер Босния жана Герцеговинанын биринчи президенти Алия Изетбеговичтин күмбөзү жайгашкан Ковачи көрүстөнүнө сөссүз барышат. Ал өмүр бою Босниялык мусулмандардын диний жана улуттук аң-сезимин ойготуу үчүн ал урушкан даанышман лидер болгон. “Ислам Чыгыш менен Батыштын ортосунда”, “Ислам декларациясы”, “Эркиндикке качышым”, “Тарыхка күбөм”, “Кул болбойбуз” деген эмгектерин калтырган.

Иззетбегович 1990-жылдары Босния жана Герцеговинаны бөлүү үчүн сербдер жана хорваттар баштаган кол салууларда өлкөсүнүн эгемендигин коргой алган.

Тарыхы

Босния жана Герцоговинанын аймагында палеолит мезгилинде эле иллирийликтер жашаган. Сараево шаары 1500-жылдан мурда эле негизделе баштаган. 1482-ж. Герцеговина Осмон султандыгы тарабынан каратылып, Босния пашалыгы түзүлгөн. 400 жылдай Осмон дөөлөтүнүн курамында болгон. Кыска убакыттын ичинде Европанын маанилүү соода борборлорунун бирине айланган.

Anahtar Kelimeler: Босния жана Герцеговина, кышкы туризм,

Жаңылыктар