14 Mayıs 2021 22:24
Боз үй— кыргыздын уникалдуу турак жайы. Элибиздин улуттук мүлкү.
Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр.
Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ.
Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген.
Боз үй-жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу.
Кыргыздар жашоо-шартына ылайык боз үйдүн жүктөмө түрүн кабыл алышкан. Боз үйдүн жыгач тулкусуна узанган усталар — чыныгы архитекторлор. Жайып тиксе, тең салмакты сактап, кыз такыясындай келишимдүү, бүктөп койсо, бир төөлүк жүк, көчүп-конууга ылайык.
Үйдүн жыгачы «он эки канат», «сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же «жүз баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Чоң-кичинесин далилдеген үйдүн башы сайылган ууктун саны менен өлчөнөт.
Боз үйдүн негизги жыгачтары — кереге, уук, босого таяк, түндүк, каалгадан турат.
Ак өргөөнү жасоого кол өнөрчүлөрдүн бардык чеберлери — теричи, жыгач уста, темир уста, саймачы, оймочу, зергери, уздары катышат.
Боз үй ичинде бүткүл кыргыздын байыртан берки тарыхы, тиричилиги, салты, маданияты, тили, дили, акылмандыгы, өнөрү, ой-акылы жатат.
Дал ушул уникалдуу өзгөчөлүктөрүнөн улам боз үй даярдоо ыкмасы ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.