БШК парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

15 Aralık 2021 21:30

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун бирдиктүү округ боюнча жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында кабарланды.

Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын учурунда Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү округу боюнча шайлоону өттү деп тааныды.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча беш пайыздык, аймактар боюнча 0,5 пайыздык шайлоо босогосун алты партия ашып өттү:

  1. “Ата-Журт Кыргызстан” - 222 005 добуш же 17.32%,
  2. “Ишеним” - 174 470 добуш же 13.61%,
  3. “Ынтымак” - 141 009 добуш же 11.00%,
  4. “Альянс” - 106 955 добуш же 8.35%,
  5. “Бүтүн Кыргызстан” - 90 223 добуш же 7.04%,
  6. “Ыйман Нуру” - 79 025 добуш же 6.17%

Мандаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

  • “Ата-Журт Кыргызстан” – 15 мандат;
  • “Ишеним” – 12 мандат;
  • “Ынтымак” – 9 мандат;
  • “Альянс” – 7 мандат;
  • “Бүтүн Кыргызстан” – 6 мандат;
  • “Ыйман Нуру” – 5 мандат

Белгилей кетсек Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Анда 90 депутаттын 54ү бирдиктүү округдан партиялык тизме аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келмек. 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, парламенттик шайлоо,

Жаңылыктар