Бухара – медреселердин шаары

Өзбекстандын Бухара шаары тарыхый маданий  баалуулуктары жана кылымдарды карыткан архитектурасы менен меймандарга руханий атмосфера тартуулайт.

01 Nisan 2022 16:07

Бухара – Өзбекстан Республикасындагы байыркы шаар. Заравшан дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Букар вилайетинин администрациялык борбору болуп саналат. Тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Бухара шаары түрк-ислам цивилизациясында манилүү орунга ээ. Шаардын ар бир бурчу тарыхка күбө болгон баалуулуктарга бай.

Көк түстөгү кооз медреселер Бухаранын кылымдар бою сакталып келе жаткан тарыхый жана маданий көркүнө көрк кошуп турат.

Шаарда  улуу хадис аалымы Имам Бухари жана улуу окумуштуу Авиценна жашап өткөн.

Бухара - Куббет-ул Ислам" шаары

Өзбекстанда гид болуп иштеген Афзал Барнаев баса белгилегендей Бухара-кылымдарды карыткан байыркы шаар.

«Бухара-ислам дүйнөсүндөгү билим борборлорунун бири. Дал ушул өзгөчөлүгүнөн улам шаарга «Куббет-ул Ислам» деген наам ыйгарылган. Шаарда 20-кылымдын башына чейин 400гө жакын медресе болгон. Эл Бухараны «медреселердин шаары» же «окуучулурдын шаары» деп атаган.

Бүгүнкү күндө тарыхый шаарды көрүүгө келген туристтердин саны арбын. Барнаевдин айтымында, былтыр, Өзбекстанга 2 миллионго жакын турист келген. Алардын көбү Ислам коомчулугунан жана түрк дүйнөсүнөн келген тургундар.

«Мекке жана Мадинадан кийинки шаар»

Түркиянын Өзбекстандагы элчилигинде мурда кызмат өтөп кеткен Ибрахим Гемижи баса белгилегендей, Бухара шаарында улуу аалымдар туулуп, өскөн. Алар, нечендеген чыгармаларды дал ушул шаарда жазып, бизге мурас кылып калтырган.

Учурда Бухара шаары тарыхый жана маданий байлыгы менен көз жоосун алган ири шаарлардын катарын толуктайт. Бухарага келгендер өздөрүн эң сонун руханий атмосферада сезип кайтышат.

Чыгыш менен батышы байланыштырган Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан бул легендарлуу шаар, тарых бою өсүп-өнүгүү мезгилин баштан кечирип, улам жанданып, көрктүү шаарга айланган. Бухара байыртадан эле Орто Азиядагы соода жана кол өнөрчүлүк өнүккөн шаар болгон.

Anahtar Kelimeler: Бухара, Өзбекстан, медреселердин шаары,

Жаңылыктар