a

Бухарa-Орто Азиянын руханий борбору

Тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Бухара шаары руханий атмосферасы менен суктандырат.

30 Temmuz 2021 20:50

Бухара – Өзбекстан Республикасындагы байыркы шаар. Заравшан дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Букар вилайетинин администрациялык борбору болуп саналат.

Тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Бухара шаары түрк-ислам цивилизациясында манилүү орунга ээ.

Чыгыш менен батышы байланыштырган Улуу Жибек жолунун боюнча жайгашкан бул легендарлуу шаар тарых бою өсүп-өнүгүү мезгилин баштан кечирип, улам жанданып, көрктүү шаарга айланган.

Учурда Бухара шаары тарыхый жана маданий байлыгы менен көз жоосун алган ири шаарлардын катарын толуктайт.

Шаарда жүздөгөн тарыхый, маданий эстеликтер сакталып калган. Бүгүнкү күндө эстеликтерди мамлекет коргоого алган.

1997-жылы Бухара шаарынын 2500 жылдыгы белгиленген. Тарыхый шаар БУУнун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Бухара шаарындагы «Арк» хан сарайы, Орто Азия зодчийлигинин шедеврлери борбордук чамгарактуу Саманиддердин күмбөздөрү, тегерете кыш менен оймолонгон Пои-Калян Калян мунарасы,  Ортоңку Чыгыштын көрүнүктүү архитектуралык эстелиги Калян мечити, Улугбектин медресеси,  үстү жабык Абдулла-хандын базары өзгөчө көрктүү келип, туристтерди тартып турат.

Anahtar Kelimeler: Бухара, Өзбекстан,

Жаңылыктар