Бухара шаарынын символу–Чор-минор медресеси

Туристтер агылган Чор-минор медресесинин баяны

16 Nisan 2021 22:28

Чор-минор медресеси 1807-жылы салынган тарыхый-архитектуралык эстелик. Өзбекстандын Бухара шаарында орун алган медресе Халифа Ниязкул тарабынан салынган.

Чор-минор сөзү «төрт мунара» дегенди түшүндүрөт.

Чор-минор Бухара хандары салган архитектуралык эстеликтеринин эң акыркысы.

Тилекке каршы медресенин көп бөлүгү талкаланып, аз гана бөлүгү сакталып калган. Бүгүнкү күндө медресенин негизги кире бериши болгон төрт мунарасы гана турат.

Чор-минор медресеси ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Anahtar Kelimeler: Чор-минор медресеси, Өзбекстан, Бухара,

Жаңылыктар