10 Temmuz 2021 16:49
Калян мунарасы–Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик. Өзбекстандын Бухара шаарында жайгашкан. Мунара Караханийлер династиясынан өкүлү Асланхан Мухаммед тарабынан 1127-жылы курулган. Мунара цилиндр түрүндө тургузулган. Сырткы бети тегерете кыш менен курчалып, оймо-чийме менен кооздолгон.
Бийиктиги 47 метр. Түбүнүн диаметри 9 метр.
Имаратттын айрым жерлери көк түстөгү керамикалар менен кооздолуп, ортоңку бөлүгүнө куфий жазуусу чегилген.
Бухара шаарындагы тарыхый архитектуралык эстеликке кызыгып туристтер көп келишет.
Anahtar Kelimeler: Калян мунарасы, Бухара, Өзбекстан,