burana-fashion-week

"Burana Fashion week" мода жумалыгы Кыргызстанда бешинчи ирет өттү.

"Burana Fashion week" мода жумалыгында таштандыдан жасалган кийимдер танытылды.

19 Mart 2022 12:16

"Burana Fashion week" мода жумалыгы Кыргызстанда бешинчи ирээт өттү.

Жумалык алкагында эл аралык жана ата мекендик дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана сүрөтчүлөр жаңы кийимдерди танытышты. 

Опера жана балет театрында өткөн иш-чара оркестрдин коштоосунда өттү.

Иш-чарада таштандыдан жасалган кийимдердин "ууланган муун" аталыштагы көргөзмөсү өзгөчө көңүл бурду.

Жаш дизайнер Мээрим Турганбаева таштандыдан кийим жасоо менен глобалдык көйгөйгө басым жасагысы келгенин айтты.

Бул иш чара Кыргызстандагы мода тармагындагы эң ири маданий иш-чара болуп саналат.

Иш чаранын максаты — Кыргызстандын мода индустриясын, жеңил өнөр жайын жана костюм искусствосун колдоп, алдыга жылдыруу.

Anahtar Kelimeler: Бурана, мода,

Жаңылыктар