Бурса шаарында түрк дүйнөсүнүн балдарын жолугуштурган фестиваль болуп өттү

Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы маданий борбору Бурса шаарында түрк дүйнөсүнөн келген балдардын катышуусундагы фестиваль болуп өттү.

27 Haziran 2022 11:03

Бурса шаарынын мэриясы кабарлагандай Түрк дүйнөсү балдар фестивалы Ботаникалык паркта болуп өттү.

Иш-чарага Азербайжан, уйгур, Кыргызстан, Гагаузия жана Түркмөнстандан келген фольклордук топтор катышты. Алар, ар кыл спектаклдерди коюп, ыр-бийлерди аткарып беришти.

Ошондой эле Бурса шаардык музыкалык дарма-театрынын концерттик программасы өттү.

Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун өкүлү Жавид Мөвсүмлү Бурса муниципалитетинин башкы катчысы Улас Акханга жана Басма сөз жана коом менен кызматташуу боюнча жетекчиси Ахмет Байханга ыраазычылык баракчасын тапшырды.

 

 

Жаңылыктар