Бурса шаарында Түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун координациялык борбору ачылды

2022-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган Бурса шаарында координациялык борбор ачылды.

30 Mart 2022 13:38

Координациялык борбордун ачылышына түрк дүйнөсүнөн жана Бурсадан өкүлдөр катышты.  Алар, алгач Бурсадагы Осмон Гази жана Орхан Газинин күмбөздөрүн зыярат кылышты. 

Андан соң кортеж уюштурулуп, Нооруздун ритуалдары аткарылды. 

2022-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган Бурса шаарындагы координациялык борбор ачылышында сөз сүйлөгөн Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ,  меймандар менен жылуу учурашты. Ал Бурса шаарынын маданий борбор деп тандалып алынышы чоң сыймык экендигин баса белгиледи.

Ал, Бурса шаарында бир катар тарыхый, маданий баалуулуктар жайгашканын баса белгилеп өттү. 

Салтанатка Азербайжандын Маданият министри Анар Керимов, Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Туризм, маданият, жаштар жана экология министри Фикри Атаоглу, Бурсанын губернатору Якуп Жанболат, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүсен Касеинов, Түрк маданияты жана мурасы фондунун төрагасы Гүнай Эфендиева, Казакстан жана Өзбекстандын Маданият министрлеринин орун басарлары, бир катар мамлекеттердин Түркиядагы элчилери жана ардактуу коноктор катышышты. 

 

 

Anahtar Kelimeler: Бурса, Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор,

Жаңылыктар