Бурса шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун диаспора форуму өтүүдө

Бурса шаарында Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы уюштурган Түрк мамлекеттер уюмунун диаспора өкүлдөрүнүн жыйыны өтүүдө

28 Mart 2022 21:54

2022-жыл үчүн "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп табылган Бурса шаарында, Түрк мамлекеттер уюмунун диаспора мекемелеринин жыйыны өтүп жатат.

Жыйынды Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы уюштурган.

Форумдун ишине 12 мамлекеттен өкүлдөр катышууда.

Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын президенти Абдуллах Эрендин айтымында форумдун ишине Түркия, Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн өкүлдөр келди. Алардын катарында Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым жана Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Багдат Амреев да бар.

Түрк дүйнөсүндөгү диаспоралардын кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда.

Жыйында диаспоралардын жетекчилери кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышат Ал эми академиктер ар түрдүү диаспоралардын өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндама жасоодо. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болсо өз ишмердүүлүгүн тааныууда.

 

Форумда, түрк дүйнөсүндөгү диаспоралардын биримдигин жана ынтымагын кеңейтүүчү конкреттүү кадамдар талкууланат. Ошондой эле расизмге жана дискриминацияга каршы биргелеге күрөшүүгө басым жасалат.

Жаңылыктар