Бурса шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун диаспора мекемелеринин жыйыны өтөт

28-30-март күндөрү Түркиянын Бурса шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун диаспора мекемелеринин жыйыны өтөт. Жыйынды Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы уюштурууда.

25 Mart 2022 17:46

Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (ЧТТКБ) 2011-жылдан бери Түрк кеңешине мүчө малекеттер ортосундагы кызматташтыкы кеңейтүү максаты менен бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет. Бүгүнкү күнгө чейин Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандары үчүн билим берүү, транспорт, саламаттыкты сактоо, экономика, юстиция, академия жана маданият тармактарында 105 долбоор ишке ашырылган.

Жалпы баалуулуктарды жаш муундарга жеткирүү

ЧТТКБ жана Азербайжандын жаштарга жардам берүү фонду "ар бир бала бир чынар долбоорун" ишке ашырган. Долбоордун максаты - түрк-ислам цивилизациясынын илимпоздорун таанытуу, орток маданий жана илимий баалуулуктарды  жаш муундарга жеткирүү.

Ошондой эле ЧТТКБнын колдоосу менен  "Азербайжандын интеллектуалдык тарыхы" аттуу китеп жарык көргөн.

Андан сырткары  Азербайжан мамлекеттик диаспоралар комитети менен биргеликте «1915-жылдагы окуяларды жана 1992-жылдагы Хожалы геноцидин түшүнүү» аттуу онлайн семинар өткөрүлгөн.

Ковид-19 менен күрөшүү 

ЧТТКБ Өзбекстандын Стратегиясын өнүктүрүү борбору менен биргелеше атайын долбоор ишке ашырып,  Түркиянын Ковид-19 эпидемиясына каршы күрөшүү тажрыйбасын Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандык дарыгерлер менен бөлүшкөн.

Саламаттыкты сактоо тармагы

2021-жылдын 13-14-февралында ЧТТКБ Саламаттыкты сактоо  Университети жана 14-Март Медициналык Студенттер Ассоциациясы менен биргеликте "Түрк дүйнөсүндөгү медициналык студенттердин 1-семинарын" уюштурган. 

Ал эми 2020-жылдын декабрь айында ТИКА, Ислам өнүктүрүү банкы, Саламаттык сактооуниверситети жана 14-Март Медициналык Ассоциациясы менен биргеликте онлайн форматта  "Лапароскопиялык хирургия курсу" өткөн. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан миңден ашуун катышуучу катышкан. 

Диаспоралар менен кызматташуу

2018-жылдын 8-ноябрында ЧТТКБ менен Казакстандын «Отандастар» Фондунун ортосунда диаспора жаатында кызматташуу протоколуна кол коюлган.

ЧТТКБнын колдоосу менен Кыргызстандын аймактарында жашаган Ахыскалык түрктөр 2019-жылдын 26-28-апрелинде Казакстандагы Ахмет Ясави күмбөзүн зыярат кылышкан. 

Анадолу агенттиги жана ЧТТКБ Кыргызстанда 2 жумалык медиа тренинг уюштуруп, ага редакторлор жана кабарчылар катышкан.

Ал эми «Евразия жаштар мектеби» долбоорунун алкагында 35 киши Түркияга келген. 

Ошондой эле ЧТТКБнын ​​колдоосу менен 2021-жылдын 24-26-декабрында "Түрк дүйнөсүнүн жаш академиктер конгресси" өткөн. 

«Түркия стипендиялары»

Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы «Түркия стипендиялары» долбоорунун алкагында жаштарга акысыз билим берүү сунуштап келет. Аталган долбоор аркылуу Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандандык 18 656 студент Түркиядагы жогорку окуу жайларда билим алган. Учурда Түркияда стипендия алып окуп жаткан студенттердин саны 1429ду түзөт.

28-30-март күндөрү Түркиянын Бурса шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун диаспора мекемелеринин жыйыны өтөт. Жыйынды Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы уюштурууда. 

Anahtar Kelimeler: ТМУ,

Жаңылыктар