Бурса шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун диаспора мекемелеринин жыйыны өтөт

28-30-март күндөрү Түркиянын Бурса шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун диаспора мекемелеринин жыйыны өтөт. Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы уюштуруп жаткан форумдун ишине 12 мамлекеттен 70 өкүл катышаары күтүлүүдө.

26 Mart 2022 20:57

28-30-март күндөрү,  2022-жыл үчүн "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп табылган Бурса шаарында, Түрк мамлекеттер уюмунун диаспора мекемелеринин жыйыны өтөт. Жыйынды Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы уюштурууда. 

Форумдун ишине 12 мамлекеттен 70 өкүл катышат

Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын президенти Абдуллах Эрендин айтымында форумдун ишине Түркия, Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан менен катар 12 өлкөдөн 70  өкүл катышары күтүлүүдө. Алардын катарында Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым жана Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Багдат Амреев да бар.

Түрк дүйнөсүндөгү диаспоралардын кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланат

Жыйында диаспоралардын жетекчилери кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Ал эми академиктер ар түрдүү диаспоралардын өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндама жасайт. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болсо  өз ишмердүүлүгүн таанытат.

Форумда, түрк дүйнөсүндөгү диаспоралардын биримдигин жана ынтымагын кеңейтүүчү конкреттүү кадамдар талкууланат. Ошондой эле расизмге жана дискриминацияга каршы биргелеге күрөшүүгө басым жасалат.

 

Anahtar Kelimeler: Түрк мамлекеттер уюму, диаспора,

Жаңылыктар