"Бурса-түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору" ачылыш аземи өттү

30-мартта "Бурса-түрк дүйнөсүнүн маданий Борборунун" ачылышы өттү.

31 Mart 2022 16:55

Бурса-түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору ачылыш аземи өттү.

Белгилей кетсек, Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2022-жылы Бурса шаарын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялаган.

Салтанаттуу иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, түрк тилдүү мамлекеттердин маданият министрлери, анын ичинде КРнын маданият министри Азамат Жаманкулов.баштаган ардактуу коноктор катышты.

Аземдин ачылышында сөз сүйлөгөн Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым, түрк дүйнөсүнүн биримдигине басым жасап, «биз бир болсок, бир дагы күч бизге зыян келтире албайт»,-деп билдирди.

Ал эми Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой түрк дүйнөсүн биргелеше иш алып барууга чакырды.

Программа алкагында 20га жакын өлкөдөн келген 700дөй өнөр адамынын катышуусунда ири концерт болуп өттү.

Ноорузга арналган театралдык  оюн-зоок тартууланды.

Ошондой эле ТҮРКСОЙдун бул жылдардагы ишмердүүлүгүнө арналган фотокөргөзмөнүн ачылышы болуп, түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук ансамблдеринин өнөрлөрү тартууланды.

Бурса облусунун губернатору Якуп яжанполат Бурса- 8500 жылдык тарыхы, маданияты жана өтө бай салттары бар эң байыркы шаар экенин белгиледи.

Бурса шаарын Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору деп жарыялоо боюнча салтанаттуу аземдин ачылышына Кыргызста, Азербайжан, Босния, Казакстан, Македония, Өзбекстан, Россия, Сербия, Түркмөнстан, Түркия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана өлкөнүн бардык аймактарынан жарандар келишти.

 

 

Жаңылыктар