«Бурса-түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аталыштагы  гала-концерт өттү

2022-жыл үчүн «түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп тандалган Бурса шаарында концерттик программа болуп өттү

27 Ocak 2022 13:49

 

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2022-жыл үчүн «түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп Түркиянын Бурса шаарын тандаганы маалым. Анын ачылыш аземине арналган гала-концерт Бурса шаарындагы Меринос борборунда болуп өттү.

Маданий иш-чарага Бурса облусунун губернатору Якуп Жанболат, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, эл өкүлдөрү, ТҮРКСОЙдун өкүлдөрү, Бурса шаарынын меймандарды жана тургундары катышты.

Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, иш-чараны ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө, Бурса шаарынын терең тарыхы, бай маданияты, материалдык эмес маданий мурастары жана тарыхый байлыктарына токтолуп, бул күн Бурса үчүн абдан маңыздуу күнөрдүн бири экенин баса белгиледи. Өз кезегинде жалпы тарыхка, үмүттүү келечекке, маданият жана искусствого, өнөр жайга, бизнес дүйнөсүнө, билимге, орток баалуулуктарга, соода жана туризмге басым жасады. Түрк дүйнөсүнүн биримдиги менен ынтымагына өзгөчө көңүл бурду.

Сөзүн жыйынтыктап жатып  өзү жазган «Менин Бурсам» ырын көркөм окуп берди.

Гала-концертте Түркия, Тыва, Саха, Татарстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандык өнөр адамдары сахнага чыгып, келгендерге шаңдуу маанай тартуулашты. Күүлөр жаңырып, элдик бийлер аткарылды.  

 

Anahtar Kelimeler: «Бурса-түрк дүйнөсүнүн маданий борбору»,

Жаңылыктар