Бурса-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар башталды

"Бурса-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык маданий иш-чаралары Бурса шаарынын мэринин атынан даярдалган шаани менен башталды.

21 Mart 2022 16:32

Бүгүн, 21-мартта "Бурса-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык маданий иш-чаралары башталды. Алгач Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюлду. Андан соң эл өкүлү Атилла Өдүнч, Бурса шаардык муниципалитеттин вице-мэри Сүлейман Челиктин катышуусунда жүрүш өттү. 

Вице-мэр Сүлейман Челик программада сүйлөгөн сөзүндө Нооруз- табияттын ойгонушу, жаздын жарчысы, бир туугандык жана достуктун символу экенин баса белгиледи.

Улусун улуу күнү деп эсептелген Нооруз майрамы Осмон доору учурунда да шаңдуу белгиленгенин айтты. Өз кезегинде тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Бурса шаарында, бул жылы манилүү иш-чаралар өтөрүн кошумчалады. 

Программанын жүрүшүндө Нооруз майрамын белгилөө комитетинин орун басары Атилла Өрүн, губернатордун орун басары Мустафа Гүндоган жана Азербайжан маданият коомунун президенти Хандан Аскеран Тон катышуучуларга кайрылуу жасап, жалпы түрк дүйнөсүн Нооруз майрамы менен куттукташты. 

Иш-чара, концерттик программа менен коштолду. 

 

Anahtar Kelimeler: Бурса, Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору,

Жаңылыктар