Үч континенттин ортосунда жайгашкан Түркия

Азия, Европа жана Африканын ортосунда жайгашып үч тарабы деңиз менен курчалган Түркия чет өлкөлүк инвесторлорго ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

29 Mart 2021 23:23

Акыркы жылдары Түркияда авто, темир жол, аба жана деңиз транспортуна олуттуу көңүл бурулуп, ири долбоорлор ишке ашырылды. Натыйжада жүк ташуу рыногу өнүгүп, тышкы соодадагы көрсөткүчтөр жакшырды.  

Акыркы 18 жылда транспорт тармагын өнүктүрүүгө болжол менен 930 миллиард лира инвестиция тартылган. Анын 62%ы авто-жолдорду салууга  жумшалып, ал болжол менен 566 миллиард лираны түзгөн.  18 жыл аралыгында айланма жолдордун узундугу 6100 чакырымдан 28 195 чакырымга, ал эми автотрассалардын узундугу 1714 чакырымдан 3523 чакырымга чейин көбөйгөн.  

Жарандык аэропорттор жылына 317,85 млн жүргүнчүнү тейлей алат

Чыгыш менен батышты байланыштырган Түркия аба транспорту тармагын өнүктүрүүгө да ири каражат жумшаган. Алсак дүйнөдөгү ири Стамбул аэрпорту бүткөрүлүп ишке берилген. Учурда Түркияда жарандык аба каттамына ачык 56 аэропорт иштейт. Алар жылына орто эсеп менен 317,85 млн жүргүнчүнү тейлей алат.

Темир жол долбоорлору

Түркия акыркы жылдары манилүү темир жол долбоорлорун ишке ашырды. Европа багытында жүк ташуучу поезддер Болгария, Румыния, Венгрия, Польша, Австрия, Словакия, Чехия жана Германияга тынбай каттап турат. Ал эми Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясы аркылуу Грузия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстанга, ошондой эле Россия менен Кытайга товарлар экспорттолууда. Ал эми Жакынкы чыгыштагы өлкөлөргө жүк  ташуучу поезддер Вандагы Капыкөй чек ара бекети аркылуу өтөт. Алдыда Пакистан жана Афганистанга поезд каттамдарын ачуу аракеттери максатталууда.

Былтыр деңиз порттору аркылуу 139 миллион тонна жүк экспорттолгон

Үч тарабы деңиз менен курчалган Түркиянын деңиз порттору транзиттик жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жагынан маанилүү орунга ээ. Алсак Кара деңиздин жээгинде жайгашкан өлкөлөрдүн бардыгы дүйнөлүк базарга Босфор жана Дарданелл кысыктары аркылуу чыга алышат.

Өлкө боюнча ISPS сертификатына ээ болгон 182 порт иштейт. Алардын бардыгы коммерциялык жүк ташуу кызматын көрсөтөт. Былтыр порттордон 486 миллион 702 миң 168 тонна жүк ташылып өткөн. Алардын ичинен 138 миллион 702 миң 168 тоннасы экспорттолгон.

Чет элдик түз инвестицияны кеңейтүү пландалууда

Анкара шаардык Өнөр жай палатасынын президенти Нуреттин Өздебир баса белгилегендей Түркия түз инфестиция салууга эң ыңгайлуу өлкө. Анткени Түркия аркылуу Перс булуңундагы жана Түндүк Африкадагы өлкөлөргө түздөн түз чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Андан сырткары Түркия менен Борбор Азияны, андан ары Кытайды туташтырган Темир Жибек Жолунун маниси чоң.

 

Anahtar Kelimeler: Түркия, ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр, авто, темир жол, аба жана деңиз транспорту,

Жаңылыктар