«Чанаккале» элдик ыры

Украиналык крым татарлары 18-март Шейиттерди эскерүү жана Чанаккале деңизиндеги жеңиш күнүнүн урматына «Чанаккале» элдик ырын аткарышты.

19 Mart 2021 14:21

Украиналык крым татарлары 18-март Шейиттерди эскерүү жана Чанаккале деңизиндеги жеңиш күнүнүн урматына «Чанаккале» элдик ырын аткарышты. Долбоорду Крым үй-бүлөөсү коому уюштурган.

Крым үй-бүлөөсү коомунун төрайысы Анифе Куртсейитова баса белгилегендей Чанаккаледеги согуш крым татарлары үчүн да өтө манилүү.

Анткени эки бир тууган эл кайгы жана  кубанычын тең бөлүшүп келет.

«Крым татарлары кары жашы дебей Түркия мамлекетин жана түрк элин урматтап, өзгөчө сыйлайт. Долбоордун манилүүлүгү мына ушунда. Жаштардын аткаруусундагы бул ыр түрк элине белек болсун»,-деди ал.

Ал арада Түркиянын Украинадагы элчилиги крым татарларынын аткаруусундагы элдик ырды расмий Twitter баракчасынан бөлүшүп, жаштарга ыраазычылык билдирди.

Украиналык жаштар аткарган ырга режиссер Ахтем Сейтаблаев клип тарткан.

Anahtar Kelimeler: «Чанаккале» элдик ыры, Украиналык крым татарлары,

Жаңылыктар