Чатыр көл – Теңир-Тоонун койнундагы керемет көл

Чатыр Көл - Теңир-Тоонун бийик тоолорунун арасында жайгашкан, жаратылышы эң эле кооз, көзгө көркөмдүү көлдөрдүн бири

20 Mayıs 2022 14:33

Чатыр–Көл - түштүгүндө Торугарт тоо кыркалары, түндүгүнүн Ат-башы тоо кыркалары курчайт. Бул тоо кыркаларынын мөнгүлөрдөн эрип аккан суулар жерден сызылып чыккан булак сууларына кошулуп Чатыр-Көлгө куюп турат.

Жалпысынан алганда көлгө 50дөн ашуун суу куят. Алардын ичинен тынымсыз көлдү толтурган Көк-Аргын, Муз-Төр, Таш-Булак, Муз-Бел, Айрык, Үч-булак суулары бар.

Чатыр-Көлдүн узундугу 23, туурасы 11 километрге созулуп, чарасынын аянты 153 чарчы км түзөт. Тереңдиги 7 метрден 20 метрге чейин.

Чатыр-Көл жапайы канатууларга бай. Кышкысын кату сукка байланыштуу көл бети 1 метрден ашуун калың муз менен капталып, май айларынын ичинде муздар эрип көл бети ачылат. Келгин канаттуулар жайкысын келишип, көл ортосундагы аралдарга уялашып, балапандарын баралына жеткирип учуп кетишет. Чатыр-Көлдө сууда сүзүүчү канаттуулардын 30га жакын түрү уялайт.

Жай айларынын жылуу күндөрүндө алардын түлөгү жүрөт. Келгин канаттуу куштардын көбөйүшүн камсыз кылуу максатында Чатыр-Көл жана анын жээктери корукка алынган.

Жаңылыктар