Чавушоглу үч тараптуу саммиттен кийин жасаган билдирүүсүндө тынчтыкка басым жасады

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Анталия дипломатия форумунун алкагында өткөн Орусия-Украина-Түркия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин жасаган билдирүүсүндө аймактагы тынчтыкка өзгөчө басым жасады.

10 Mart 2022 14:38

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Анталия дипломатия форумунун алкагында өткөн Орусия-Украина-Түркия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

"Тынчтыкка муктаж болуп турган азыркы учурда  Орусиялык жана украиналык кесиптештерим Лавров жана Кулеба менен Анталия дипломатиялык форумунун алкагында трио форматында жолугуштук. Аймакка тынчтык орнойт деп үмүттөнөм",-деп айтылат билдирүүдө.

Чавушоглу өз кезегинде Орусия менен Украина ортосундагы көйгөйдү жөнгө салууга багытталган дипломатиялык аракеттерин уланта турганын баса белгиледи.

Anahtar Kelimeler: Чавушоглу, Анталия,

Жаңылыктар