Чавушоглу Кыргызстан жана Тажикстандын ТИМ башчылары менен телефон аркылуу сүйлөштү

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу Кыргызстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

01 Mayıs 2021 22:48

Дипломатиялык маалыматтарга караганда сүйлөшүүлөр Түркия тараптын демилгеси менен жүргүзүлдү. Министр Мевлут Чавушоглу эки бир тууган өлкөнүн ортосундагы көйгөйдү тынчтык жолу менен жөнгө салуу зарыл экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле кырдаалды стабилдештирүү жана чыңалуунун андан ары курчушуна жол бербөө үчүн тараптардын көрүп жаткан чаралар боюнча жетишилген келишимдерди түрк тарабы колдоорун билдирди.

М. Чавушоглу жабыркагандарга медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө түрк тараптын чечкиндүүлүгүн белгиледи.

Anahtar Kelimeler: кыргыз-тажик чек арасы,

Жаңылыктар