Чавушоглу: "Түркмөн газы үчүн өз милдетибизди аткарууга даярбыз"

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу: "Түркмөн жаратылыш газын Түркияга жана Түркия аркылуу Европага жеткирүү үчүн өз милдетибизди аткарууга даярбыз".

24 Şubat 2021 15:32

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу жана Түркмөнстан Республикасынын Тышкы иштер министри Рашид Мередов  Анкара шаарында жолугушту. Жолугушуудан кийин эки министрдин биргелешкен маалымат жыйыны өттү.

Чавушоглу 2021-2022-жылга карата эки өлкө ортосунда өз ара кызматташуу боюнча атайын пргограммага кол коюлганын маалымдады. Өз кезегинде Түркмөнстанды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы бир туугандык мамилени мындан ары өнүктүрүүгө чын дили менен аракет жумшаарын баса белгиледи.

Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдогандын Түркмөнстан Республикасынын президенти Г. Бердымухамедовдун чакыруусу менен Түркмөнстанга барууга ниеттенип жатканын билдирди. Эрдогандын Түркмөнстанга жасай турган мамлекеттик сапары алкагында Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан саммитин өткөрүүгө болоорун кошумчалады.

Министр Мевлут Чавушоглунун маалыматына караганда тар жана кеңири курамда өткөн жолугушууларда эки өлкө ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланып, келечекке карай жол карта иштеп чыгуу макулдашылды.

Тараптар, Түркия менен Түркмөнстан ортосундагы экономикалык кызматташтыкты 2014-жылдагы деңгээлге кайра көтөрүү үчүн тийиштүү механизмдерди жандандырууга макулдашты.

Министр Чавушоглу өткөн жылы пандемияга карабастан эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыш өнүккөнүн маалымдады. Өз кезегинде түрк фирмаларына колдоо көрсөткөнү үчүн Түркмөнстанга ыраазычылык билдирди.

Чавушоглу ошол эле учурда Азербайжан менен Түркмөнстандын Каспий деңизиндеги мунай кендерин иштетүү жөнүндө макулдашууга жетишишин кубаттады. Түркмөн газын алгач Түркияга, андан соң Түркия аркылуу Европага жеткирүүгө колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Түркмөнстан Республикасынын Тышкы иштер министри Рашид Мередов Түркмөнстан жана Түркия ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2020-жылы пандемияга карабастан 2 миллиард долларды түзгөнүн билдирди. Мындан ары энергетика, транспорт, жогорку технология жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу мүмкүн экенин айтты. Өз ара мамилени чыңдоого жана саясий, дипломатиялык мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасады.

Жолугушууда маданият, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

Мередовдун Түркияга жасаган иш сапары алкагында Түркиянын Тышкы иштер министри М. Чавушоглу, Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередовдун катышуусунда жыйын өттү.

Жаңылыктар