2

Чиркөөгө айланып кеткен 2 мечит крым татарларынын аракеттери натыйжасында баштапкы калыбына келтирилген

Түркиялык архитектор Мехмет Эмин Йылмаз: Крым татарлары чиркөөгө айландырылган 2 мечитин баштапкы калыбына келтирди

28 Şubat 2021 15:55

Түркиялык архитектор Мехмет Эмин Йылмаз, Осмон дөөлөтүнүн курамындагы 19 өлкөдө иликтөө жүргүзүп, «Чиркөөгө айландырылган түрк имараттары» аталыштагы китебин жазган. Китепте Азербайжан, Босния жана Герцеговина, Болгария, Алжир, Армения, Кипр, Грузия, Хорватия, Черногория, Крым, Косово, Венгрия, Македония, Молдова, Румыния, Сербия, Украина, Греция жана Түркиядагы чиркөөгө айландырылган имараттардын тарыхы баяндалат.

Йылмаздын маалыматына караганда  Крымда чиркөөгө айланып кеткен 7 мечит болгон. Крым татарларынын аракеттери натыйжасында 2 чиркөө кайрадан мечитке айландырылган. Бирөө чиркөө катары калса, калган төртөө өрттөнүп күйүп кеткен.

Алгач мечиттен чиркөөгө, кийинчерээк чиркөөдөн кайра мечитке айландырылган имараттардын бири Крымдын Кафа аймагында орун алган- Муфтий мечити. Аталган мечит, 1623-жылы салынган. Орус империясы Крымды өзүнө каратып алгандан кийин, 1787-1932-жылдары мечит армян католик чиркөөсүнө айландырылган. 1995-жылы крым татарлары кайрадан өз мекенине кайтып келген соң имарат кайрадан мечит катары колдонула баштаган.

Кафа аймагында чиркөөгө айландырылган дагы бир имарат, Сейид Муса Эфенди мечити болгон. 1665-жылы салынган мечит 1787-жылдан тартып армян католик чиркөөсүнө таандык имарат катары колдонула баштаган. Кийинчерээк имарат өртөлүп кеткен. Учурда анын калдыктары гана бар.

Ошол эле Крым жарым аралындагы Евпотория шаарында XVIII кылымда салынган Жамалдин мечити Советтер Союзу тарабынан 1928-жылы жабылып, мунарасы талкаланган. Мечит 1947-жылы протестанттарга ижарага берилип кеткен. Советтер Союзу тарагандан кийин өз мекенине кайткан татарлар, имаратты кайрадан мечитке айландырышкан.

Керч шаарында 1703-жылы салынган Кале мечити да алгач чиркөөгө айландырылган. 1799-жылы мечит уратылып, ордуна жаңы чиркөө салынган.

Ошол эле Керч шаарында мусулмандарга таандык дагы 3 мечит болгон. Алар дагы Россия Керч шаарына үстөмдүгүн орноткондон  кийин чиркөөгө айландырылып,  2-Дүйнөлүк Согуш учурунда талкаланып жок болгон.  

Судактагы Кале мечитинин тарыхы өзгөчө. Ал бир эле эмес, үч жолу чиркөөгө айландырылган. Мечит эң байыркы түрк-ислам эмгектеринин бири. Мечитти XIII кылымда Сары Салтук менен бирге келген Селжук түрктөрү салган. Тарыхый мечит бүгүнкү күндө музей катары колдонулуп келет.

Мечиттен чиркөөгө айландырылган дагы бир имарат Бахчисарайда жайгашкан Жума мечити. XVI- XVII кылымдарда курулган Жума мечити 1928-жылдан тарта Советтер Союзунун администрациясы тарабынан кампа катары колдонула баштаган.  Советтер Союзу кулагандан кийин чиркөө катары православдык христиандарга берилген.

Жаңылыктар